«Ала-Арча» жаратылыш паркынын кирешеси дээрлик 4 эсеге жогорулады
10 февраль

«Ала-Арча» жаратылыш паркынын кирешеси дээрлик 4 эсеге жогорулады

2022–2025-жылдары «Ала-Арча» Кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркынын кирешеси туруктуу өсүп, 65,8 млн сомдон 262,7 млн сомго жетип, дээрлик 4 эсеге жогорулады. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, бул санариптештирүүнүн киргизилиши, башкаруунун ачыктыгы жана туристтик инфраструктуранын активдүү өнүгүшү менен байланыштуу.

«Паркта жаңы коттедждер, мейманкана, мончо комплекстери жана ресторандар курулуп, кызматтардын түрү кеңейди. 2024-жылы «Теплые ключи» комплекси парктын балансына өткөрүлүп, экологиялык жана ден соолукту чыңдоочу туризмге шарт түзүлдү. Ошондой эле жакында асма жол ишке киргизилет, ал эми родельбандын курулушу жүрүп жатат», – деп айтылат маалыматта.

2025-жылдын 1-майынан тартып автотранспорттун киришине тыюу салынып, жөө жана электромобилдерге гана уруксат берилди. Натыйжада кызмат көрсөтүүнүн сапаты жогорулап, туристтер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү.