“КР 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Бул Мыйзамдын максаты бюджеттин орто мөөнөттүү туруктуулугун камсыздоо жана 2026–2028-жылдарда мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу башкаруу болуп саналат.
Мыйзамда Кыргыз Республикасынын 2026-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 551 207 156,1 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 550 770 757,7 миң сом суммасында бекитилери каралган.
Мында Кыргыз Республикасынын 2026-жылга республикалык бюджетинин профицити 436 398,4 миң сом суммасында белгиленет жана ал финансылык активдер менен болгон операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн жана тышкы милдеттенмелердин негизги бөлүгүн (мамлекеттик тышкы карыздын негизги суммасын) жабуу үчүн чыгашаларды каржылоого жумшалат.
