
2025-жылга Соцфонддун бюджети 117 млрд сомдон ашык суммада каралууда
Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету угулуп, “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдарга пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралды.
Демилгечи- Министрлер кабинетинин төрагасы.
Мыйзам долбоорлору тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев маалымат берди. Анын айтымында, 2023-жылы Социалдык фонддун бюджетинин жалпы чыгымдары 90 млрд 297,4 млн сомду түздү. Ал кошумчалагандай, Социалдык фонддун 2023-жылга бюджети 11 миллиард сом профицит менен бекитилген жана жылдын аягында 12 миллиард 882,5 миллион сом профицит менен аткарылган. Ал эми Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылга такталган бюджети 110 млрд сомдон ашык суммада белгиленген. 2025-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети 117 млрд сомдон ашык суммада каралууда.
Эсептөө палатасынын аудитору Пардаали Батиров белгилегендей, 2023-жылдагы Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудитте 214 млн сом дал келбестиктер аныкталган.
Талкуу учурунда депутат Эмил Токтошев жыл сайын пенсионерлердин саны көбөйүп жатканын эске алып, кийинки жылы төлөнүүчү эң төмөнкү пенсиянын суммасынын чегин сурады. Бахтияр Алиев быйыл 1-октябрдан тартып 6900 сомдон төмөн пенсия алгандар жок экендигин билдирди. Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Социалдык фонддун 2025-жылдагы бюджетинде каралган 2,6 млрд сомдук тартыштыкты жоюу, пенсия акыларын инфляциянын деңгээлин эске алуу менен жогорулатуу маселелерине токтолду. Эл өкүлдөрү Таалайбек Сарыбашов, Бактыбек Чойбеков Социалдык фонддун ижарада турган мекемелерине жаңы имарат куруу, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жагдайларына көңүл бурду. Ал эми депутат Гүлшаркан Култаева пенсияны мамлекеттик банктар аркылуу жеткирүү кызматын акысыз кылуу сунушун айтып, пенсиянын топтомо бөлүгүндөгү каражаттарды колдонуу тартибин сурады.
Өз кезегинде, депутат Улан Примов баалардын өсүүсүнө жараша 2030-жылга чейин Социалдык фонддун пенсияларды көтөрүү боюнча жол картасын тактады. Депутат Эрнис Айдаралиев 2023-жылы фондго акционердик коомдордон чегерилген каражаттарга, баалуу кагаздарды сатып алуу, бюджеттик каражаттарды кошумча булактар аркылуу көбөйтүү маселесине кайрылды. Депутат Алишер Козуев пенсия берүүнү толук накталай эмес төлөмдөргө өткөрүү, ооган согушунун ардагерлеринин пенсиясын жогорулатуу жагдайына кызыкты.