Кыргызстанда керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 6,7 пайызды түздү
Сүрөт ачык булактардан алынды
14 август

Кыргызстанда керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 6,7 пайызды түздү

Ушул жылдын январь-июль айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпы Кыргызстан боюнча 6,7 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Мында тамак-аш өнүмдөрүнүн жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 5,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки өнүмдөрү - 7,1 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар - 5,1 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 10,1 пайызга жогорулады.

Ушул жылдын январь-июль айларында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү (14,9 пайыз) Ош областында катталды, бул тамак-аш өнүмдөрүнүн жана алкоголсуз суусундуктардын (11,9 пайызга), алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки өнүмдөрүнүн (21,4 пайызга), азык-түлүк эмес товарлардын (10,6 пайызга) бааларынын, ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин (23,8 пайызга) жогорулашынын эсебинен болду.

2026-жылдын январь-июнь айларында республиканын товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 7,9 млрд АКШ долларын түздү жана 2025-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 1,4 пайызга өстү.