Кыргызстандын ИДПсы 1,17 трлн сомду түздү
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
14 август

Кыргызстандын ИДПсы 1,17 трлн сомду түздү

Алдын ала баалоо боюнча, Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июль айларында ички дүң продукт 1 172,7 миллиард сомду түздү.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, көрсөткүч 2025-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу 11,1 пайызга өстү.

2026-жылдын январь-июль айларында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 525,3 млрд сомду түздү. Мында физикалык көлөмдүн индекси 2025-жылдын январь-июль айларына карата 111,2 пайызды түздү. 

Өнөр жай өндүрүшүнүн 2025-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу өсүшү тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошо алганда) жана тамеки өнүмдөрүн өндүрүү (2,4 пайызга) ,негизги металлдарды өндүрүү (8,5 пайызга), фармацевтикалык продукцияларды өндүрүү (13,0 пайызга), курулуш материалдарын өндүрүү (33,6 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишмердүүлүктүн продукцияларын өндүрүү (37,5 пайызга), транспорт каражаттарын өндүрүү (41,8 пайызга), тазаланган мунай продукцияларын өндүрүү (1,8 эсеге), химиялык продукцияларды өндүрүү (2,9 эсеге), кен байлыктарды казып алуу (16,9 пайызга)  өндүрүш көлөмүнүн жогорулашы менен камсыз кылынды.

Оң тенденциялар курулуш тармагында да байкалды, мында көлөмдөр 1,6 эсеге, дүң жана чекене соодада - 4,0 пайызга жана айыл чарбасында - 6,0 пайызга өстү.