Статком: Кыргызстандагы орточо эмгек акы 53,8 миң сомго жетти
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
14 август

Статком: Кыргызстандагы орточо эмгек акы 53,8 миң сомго жетти

2026-жылдын январь-июнь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда орточо номиналдык айлык акы 53 миң 759 сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу өскөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын июнь айында экономикалык ишмердиктин бардык түрлөрү боюнча ишканаларда жана уюмдарда эмгек акы өткөн жылдын июнь айына салыштырмалуу 27,5%га жогорулаган.

Жылдык инфляция 11,5% деңгээлинде болгон шартта эмгек акынын реалдуу өсүшү болжол менен 14%ды түзөт. Мында сөз номиналдык эсептелген айлык акы тууралуу болуп жатат. Кызматкердин салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү кармалгандан кийинки колуна алган иш жүзүндөгү суммасы мындан төмөн болот.