Ошто 2025-жылга карата айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү боюнча иштер башталды
3 апрель

Ошто 2025-жылга карата айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү боюнча иштер башталды

Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсуповдун төрагалыгы астында 2025-жылга карата айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү жана өткөрүү маселеси боюнча жыйын өттү.

Жыйында тиешелүү кызматтарга аталган каттоого даярдык көрүү, шаар аймагындагы аты жок көчөлөргө аталыштарды ыйгаруу менен каттоого алуу, каттоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көмөктөшүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда айыл чарба каттоосу 2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейинки мезгилге пландаштырылган, мында малдын жана үй канаттууларынын санын бир жолку өткөрүү жана кайра санап чыгуу каралган.

Айыл чарба каттоосунун статистикалык бирдиги болуп айыл чарба өндүрүшүндө иш жүргүзүүчү чарба эсептелет.

Анын курамына мал жана үй канаттуулары, имараттар жана курулуштар, айыл чарба техникасы, жабдуулар жана шаймандар, көп жылдык өсүмдүктөр, айыл чарба өндүрүшү үчүн толук же жарым - жартылай пайдаланылуучу жер менчиктин таризине жана өлчөмүнө карабастан кирет.