Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен макарон продукциясын чыгарууда алдыңкы үчтүккө кирди
Кыргызстан 2025-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен макарон продукциясын чыгарууда алдыңкы үчтүккө кирди. Бул тууралуу Суу ресурстары министрлиги билдирет.
- 2025-жылдын январь айында КМШ өлкөлөрүндө жалпы 138 000 тонна макарон өнүмү өндүрүлдү, анын ичинен Кыргызстанда 3 200 тоннага жакыны өндүрүлүп, бул көрсөткүч боюнча өлкө Орусия менен Казакстандан кийинки 3-орунду ээледи
- 2024-жылдын январь–сентябрь айларынын ичинде Кыргызстандын макарон экспортунун көлөмү 5,8 млн АКШ долларынан ашты, негизги сатып алуучу — Өзбекстан, ал жакка дээрлик 1 200 тонна жөнөтүлүп, экспорт 53%га өстү
- 2023-жылдын тогуз айында Кыргызстандан жалпы 3 087,4 тонна макарон экспорттолуп, көлөмү 495,7 млн сомду түздү.
Негизги экспорт багыттары:
• Казакстан – 1 652,7 т (~241,8 млн сом),
• Россия – 1 328,9 т (~231,9 млн сом),
• Ошондой эле Беларусияга жана Арменияга экспортолгон.
