"Илбирстин секириги” экономикабызды трансформациялоонун башталышы болот — Акылбек Жапаров
23 октябрь

"Илбирстин секириги” экономикабызды трансформациялоонун башталышы болот — Акылбек Жапаров

“Экономикалык керемет — 2030” стратегиясы, аны биз “Илбирстин секириги” деп да атайбыз, ал алдыдагы он жыл экономикабызды трансформациялоонун башталышы болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына арналган “Экономикалык кереметтин негиздери — 2030: Кыргыз илбирсинин секириги аттуу илимий-практикалык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Ал Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына карата куттуктоо сөздөрүн айтты.

“Жүз жылдын ичинде Кыргызстан татаал жолду басып өттү: совет мезгилиндеги айыл чарба экономикасынан бүгүнкү күндөгү рыноктук трансформацияларга чейин. Биз дүйнөлүк экономикадагы терең өзгөрүүлөрдүн күбөсү болдук, алар өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн ар бир этабына сөзсүз түрдө таасирин тийгизди. Биздин конференция эң дымактуу милдеттердин бирине – “Экономикалык керемет — 2030” стратегиясын ишке ашырууга арналган, аны биз “Кыргыз илбирсинин секириктери” деп да атайбыз. Бул стратегия алдыдагы он жылда экономикабызды трансформациялоонун башаты болот”, — ал.

Акылбек Жапаров жогорудагы стратегияга токтолду. Анын айтымында, азиялык жолборстордун экономикалык жетишкендиктерин биздин экономика менен салыштырып көрсөк, илбирстин секириги болооруна баары эле ишене бербейт.

“3 жыл мурун көптөр бул өзгөрүүлөрдү илимий фантастика, кандайдыр бир оптимист, романтиктердин фантазиясы деп эсептешчү. Бул азыр чындык. Башкача айтканда, 30 жылдагы иштер биздин акыркы үч жылга батып, маанилүүлүгү боюнча көрсөткүчтөрүбүз оптимизмге, “илбирстин секириги” делип ишке ашып жана биз экономикалык керемет жаратабыз деген ишенимге негиз болууда. Мамлекет башчыбыз Садыр Нургожоевичтин алысты көрө билген саясатынын, Камчыбек Кыдыршаевичтин коррупционерлерге карата катаал позициясынын жана кесипкөй адистердин жакшы ишинин аркасында ушундай жыйынтыкка жетише алдык. Гүлдөп-өнүгүү жолу эч качан оңой эмес, бирок биздин ар бир кадамыбыз күчтүү жана эгемендүү Кыргызстандын пайдубалын бекемдейт”, – деди Акылбек Жапаров.