Кыргызстанга жылына 2 млн ашык гүл импорттолот. Кайсы өлкөлөрдөн?
11 март

Кыргызстанга жылына 2 млн ашык гүл импорттолот. Кайсы өлкөлөрдөн?

Жыл сайын Кыргызстанга Кения, Эквадор жана Голландиядан 2 миллиондон ашык гүл импорттолот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, акыркы 5 жылдын ичинде Кыргызстандын шаарларында гүл сатуучу дүкөндөрдүн саны эки эсеге өстү. Сиз адистеше турган гүл өстүрүүнүн бир нече багыттары бар. Алар кесилген гүлдөрдү же гүлдүү өсүмдүктөрдү кампаларда өстүрүү (белек катары), декоративдик өсүмдүктөрдүн уруктарын, пияздарын жана көчөттөрүн сатуу. 

Ар бир ыкманын потенциалы чоң, бирок экөөнү тең айкалыштыруу менен эң сонун натыйжага жетүүгө болот.

Эң популярдуу гүлдөр - роза, гвоздика, лилия, хризантема жана жоогазын кирет.  Бул гулдөрдү өстүрүүдө гүлгө болгон суроо талап бир калыпта эмес экендигин эске алуу тийиш.

Ал эми күз, кыш мезгилинин аягы, жаздын башталыш убактарында бул гүлдөрдүн көп санда өстүрүүнү пландаштырууга ыңгайлуу учур.