Кыргыз картошкасы өзбек супермаркеттеринде
Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков Кыргызстандан картөшкөнүн 5 сортун (пикассо, джелли, актриса, санибель жана каптива) үлгү катары алып келип, импорттук процедураларды жүргүзүүдө жана кыргызстандык жеткирүүчүлөр менен келишимдерди түзүүдө керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Алдын ала жумасына 60 тоннадан 3 жолу жеткирүү макулдашылды. Эки тарап тең узак мөөнөттүү өнөктөштүккө жана сезондук жеткирүүлөргө ниеттенишүүдө.