Гидропоника жана күнөскана: министрлик «Pronova» компаниясы менен кызматташат
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин орун басары Б.Т. Бекболотов эл аралык «Pronova» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар заманбап агротехнологияларды киргизүү багытындагы кызматташуу маселелерин, анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүн гидропондук ыкма менен өстүрүү, күнөскана чарбаларын өнүктүрүү, ошондой эле сапаттуу көчөт материалдарын алуу үчүн in vitro технологиясын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
«Pronova» компаниясынын өкүлдөрү жогорку натыйжалуу өсүмдүк өстүрүү багытындагы долбоорлорду ишке ашыруудагы тажрыйбасы менен бөлүшүп, Кыргыз Республикасынын аймагында бул багыттарды өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти. Тактап айтканда, компания республика аймагында айыл чарба өсүмдүктөрүн гидропондук ыкма менен өстүрүү системасын курууну пландап жаткандыгы белгиленди.
Министрдин орун басары Б.Т. Бекболотов агроөнөр жай комплексине инновациялык технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, гидропоника жана күнөскана чарбаларын өнүктүрүү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга жана айыл чарба продукциясынын көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да өз ара кызматташууга, маалымат алмашууга жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.
