
Ысык-Көлдүн канализациясын жана инфраструктурасын жакшыртууга 56 миллион доллар бөлүнөт
Бүгүн, 23-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2024-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ысык-Көлдү экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү” долбоорун каржылоо боюнча Кредиттик жана Гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө”мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды.
Демилгечи - Министрлер кабинетинин төрагасы.
Мыйзам долбоору Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарындагы саркынды сууларын тазалоочу системаларын куруу, экологиялык абалды жакшыртуу жана туризмдеги маселелерин чечүү максатында иштелип чыккан. Бул милдеттерге жетишүү үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 56,0 млн. АКШ доллары көлөмүндө каражат тартуу пландалууда, анын ичинде 31,0 млн. АКШ доллары грант жана 25,0 млн. АКШ доллары кредит катары.
Долбоордун алкагында Чолпон-Ата шаарында саркынды сууларды тазалоонун суткалык көлөмү 14,2 миң куб метр болгон канализациялык тазалоочу курулмаларды куруу пландаштырылууда. Ошондой эле Чолпон-Ата шаарында, Бостери жана Кара-Ой айылдарында 150 км ашык канализация системасын, 11 км жѳѳ жана велосипед жүрүүчү жолун, Чолпон-Ата шаарында Тарых музейин жана 3 эс алуу паркын куруу пландаштырылууда. Чолпон-Ата шаарындагы Туризм объекттеринин, петроглифтердин жеринин инфраструктурасынын абалын жакшыртуу пландаштырылууда.
Мындан тышкары, жыйында “2024-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Кадимки операциялар [жеңилдетилген]) (Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы – 1-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы – 1-чакан программа) ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды.