Кыргызстанда электрондук акчаны мураска калтырууга уруксат берилди
Кыргызстанда электрондук акчаны мураска калтырууга уруксат берилди. Тиешелүү мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров кол койду..
Түзөтүүлөргө ылайык, электрондук акчаны кайтарып алуу талабынын укугу анын ээси каза болгондон кийин мурастын курамына киргизилет.
Бул электрондук капчыктарда жана башка электрондук алып жүрүүчүлөрдө сакталган каражаттарга тиешелүү.
Нотариустун суроо-талабы, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каты же мураскорлордун талабы түшкөндөн кийин электрондук акчанын эмитенти каза болгон адамдын электрондук капчыгы боюнча чыгым операцияларын токтотууга милдеттүү.
Мындан тышкары, эмитент электрондук акчанын бар-жогу жана көлөмү, электрондук капчыктын же башка электрондук алып жүрүүчүнүн реквизиттери тууралуу маалымат берүүгө тийиш.
Мураскорлордун укугу ырасталгандан кийин электрондук акча накталайландырылып же мураскорлорго өткөрүлүп берилет.
