Кыргызстан менен Кореянын соода жүгүртүүсү $2 млрд чейин жетиши мүмкүн
Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы соода жүгүртүү келечекте жылына $2–3 млрдга чейин өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу экономикалык маселелер боюнча эксперт Денис Бердаков "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, акыркы беш жылда эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү дээрлик 10 эсеге өсүп, учурда жылына болжол менен $508 млн түзөт.
Ошол эле учурда соода жүгүртүүнүн басымдуу бөлүгүн Кыргызстанга автоунаалардын, телефондордун, техниканын жана башка корей продукцияларынын импорту түзөт.
Бердаковдун пикиринде, соода жүгүртүүгө кошумча түрткү бере турган факторлордун бири — Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу.
Анын белгилешинче, Кытай менен темир жол байланышы түзүлгөндөн кийин Кыргызстан өзүнүн географиялык жайгашуусун пайдаланып, продукцияларды аймактагы башка өлкөлөргө, анын ичинде Өзбекстан жана Тажикстанга жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
«Учурда жылына $508 млн соода жүгүртүү бар. Бул аз эмес, бирок $2–3 млрдга чейин өсүү мүмкүнчүлүгү бар», — деди эксперт.
Ошондой эле ал транспорттук байланыштын жакшырышы Түштүк Кореянын бизнес өкүлдөрүнүн Кыргызстанда өндүрүштүк жана логистикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыгуусун арттырышы мүмкүн экенин белгиледи.
