Ош облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 52 долбоор каржыланды
18 сентябрь

Ош облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 52 долбоор каржыланды

Ош облусу боюнча 2024-жылдын 8 айына карата  дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 52,1 млн сом суммасында 52 долбоор каржыланды. 

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде: 

  • Кара-Кулжа районунун 11 объектисине 9,6 млн сом;
  • Араван району- 6 объектиге 4,6 млн сом;
  • Кара-Суу району - 6 объектиге 9,2 млн сом;
  • Ноокат району - 4 объектиге 2,1 млн сом;
  • Алай району - 4 объектиге 6,9 млн сом;
  • Өзгөн району - 16 объектиге 16,7 млн сом;
  • Чоң-Алай району - 5 объектиге 3,0 млн сом;

Анын ичинен:

  • 19 мектепке – 16,2 млн сом;
  • 16 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 18,5 млн сом;
  • 5 спорттук курулуштарга – 3,7 млн сом;
  • 1  маданий маанидеги объектилерге – 0,7 млн сом;
  • 11 бала бакчага – 13,0 млн сом;