Фармацевтика жана медбуюмдарды өндүрүү Кыргызстандын өнөр жайындагы алты негизги багыттын катарына кирди
Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) эксперттери фармацевтика жана медициналык буюмдарды өндүрүүнү Кыргызстан үчүн өнөр жайдагы алты негизги багыттын катарына киргизди.
Бул тармак 5 баллдан 4,06 балл алып, өнөр жайды өнүктүрүүнүн экинчи жана үчүнчү баскычындагы багыттарга киргизилген.
Мында Кыргызстанда фармацевтика тармагын толук цикл менен түзүү эмес, өлкө аймактык өндүрүштүк чынжырлардан өз ордун таба ала турган фармацевтиканын айрым багыттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүнү өнүктүрүү жөнүндө сөз болууда.
ЕАӨБ алгачкы этаптарда жөнөкөй медициналык буюмдарды өндүрүүнү да өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин белгилейт. Кадрлар, лабораториялар, стандарттар жана өндүрүштүк компетенциялар түзүлгөн сайын татаалыраак багыттарга өтүүгө болот.
Мындай өндүрүштөрдү түзүүнүн негизги шарттарынын бири — сертификаттоо, сапат инфраструктурасы, сыноо мүмкүнчүлүктөрү жана адистерди даярдоо.
