Айыл чарба министрлиги асыл тукум букаларды сатып алууга 17,5 миллион доллар сарптоо ниетинде
18 сентябрь

Айыл чарба министрлиги асыл тукум букаларды сатып алууга 17,5 миллион доллар сарптоо ниетинде

Бөлүм 2030-жылга чейин беш негизги багыт боюнча конкреттүү максаттарды ишке ашырууну көздөп жатат.

Бул убакытка чейин министрлик Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтуна 7,5 миллион сом инвестициялоону, молекулярдык-генетикалык лабораторияны уюштурууну жана асыл тукум букаларды сатып алууга 17,5 миллион АКШ долларын жумшоону пландоодо.

Натыйжада, бул күтүлөт:

– ирригация тармагында суу топтоочу бассейндер ишке берилет, скважиналар калыбына келтирилет, насостук станциялар оңдолот жана сугат жер аянттарынын суу менен камсыздоосу жакшыртылат;

– айыл чарба тармагында сапаттуу үрөндөр, көчөттөр, асыл-тукум малдын уруктары менен камсыздоо жакшыртылат, өндүрүш көрсөткүчтөрү өсүү жолуна түшөт;

– жаңы кайра иштетүү ишканалары түзүлөт, жаңы кооперативдер, МТС түзүлөт жана жаңы жумушчу орундары түзүлөт, продукцияны кайра иштетүү көлөмү жогорулайт (50 пайыз), ирилештирүү процесси жүргүзүлүп, ири-товардык өндүрүш калыптанат;

– өндүрүшкө алдыңкы, прогрессивдүү, инновациялык технологиялар киргизилет, окуулар өткөрүлүп, дыйкан-фермерлердин билим денгээли жогорулайт.