Кыргызстан Гонконгдогу эл аралык көргөзмөдө ата мекендик продукцияларды тартуулайт
6 сентябрь

Кыргызстан Гонконгдогу эл аралык көргөзмөдө ата мекендик продукцияларды тартуулайт

4-сентябрдан 6-сентябрга чейин көргөзмөгө келгендер 30дан ашык продукциянын түрлөрү менен тааныша алышат: тоо бал, жаңгак, бадам, мисте, жемиштер жана пастилкалар (алма, кара өрүк, кулпунай, карагат), төмөн температурадагы вакуумдук кургатуу азыктары жана тоңдурулган кургатылган жемиштер (кулпунай, малина, чычырканак, кара карагат), кургатылган жемиштер, спаржа, өрүктүн өзөгү жана майы.

Көргөзмө “ASIA FRUIT LOGISTICA” дүйнөдөгү бардык алдыңкы мөмө-жемиш импортерлорун жана дистрибьюторлорун камтыган негизги платформа болуп саналат.

Кыргыз Республикасы үчүн - мындай деңгээлде биринчи жолу катышуу, бул экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана эл аралык рынокторго чыгуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.