Жогорку Кеңештин комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2025-жылдагы иши жөнүндө отчетун укту
Бүгүн, 16-июндагы Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2025-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету угулду.
Жыйында баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Азат Козубеков өлкөнүн 2025-жылдагы акча-кредит саясатынын негизги көрсөткүчтөрүнө токтолду.
Талкуу маалында депутат Гүлшаркан Култаева санарип сомду пайдалануунун өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле аталган электрондук валюта аркылуу криптовалюталарды сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн тактады. Ал эми эл өкүлү Айсаракан Абдибаева Улуттук банктын кирешеси 60 млрд сомго, ал эми коммерциялык банктардын кирешеси 33 млрд сомго жеткенин белгилеп, жарандар үчүн берилүүчү кредиттердин пайыздык чендерин кайра карап чыгуу керектигин айтты. Ага ылайык, депутат аталган маселени талкуулоо үчүн Улуттук банктын, коммерциялык банктардын өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын катышуусунда тегерек стол өткөрүүнү сунуштады. Депутат Таалайбек Сарыбашов банктарда сакталган жарандардын акча каражаттарын алдамчылардын аракеттеринен коргоо механизмдерин күчөтүү маселесин көтөрдү.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2025-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди.
Ошондой эле жыйында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 19-июнундагы № 3189-VII «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2024-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету тууралуу» токтомунун аткарылышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматы угулуп, эске алынды.
Андан тышкары, комитеттин жыйынында «Венчурдук каржылоо жөнүндө» жана «Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.
Алсак, аталган мыйзам долбоорлору венчурдук инвестицияларды стартаптарга, стартап-экосистемага жана инновациялык технологиялар чөйрөсүнө тартуу үчүн укуктук режимди жана жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат. Тагыраагы, мыйзамга «венчурдук каржылоо (инвестициялар), венчурдук инвестор, венчурдук башкаруучу, венчурдук фонд, бизнес-ангел, стартап, опциондук келишим, конверттелүүчү кредиттик келишим» сыяктуу түшүнүктөр киргизилүүдө.
