Садыр Жапаров: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу экинчи Кумтөр болот
Сүрөт ачык булактардан алынды
21 июль

Садыр Жапаров: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу экинчи Кумтөр болот

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу бүтсө Кыргызстан туюк өлкөдөн транзиттик өлкөгө айланат. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров билдирди. 

Анын айтымына караганда, долбоор аягына чыкса Кыргызстан Кытай менен дүйнөнүн ортосун бириктирген өлкөгө айланат.

"Биринчиден, дүйнөгө эшик ачып толук көз карандысыз өлкө болобуз.

Экинчиден, транзит үчүн бүгүн “Кумтөрдөн” алган кирешедей эле түбөлүк киреше алабыз. Экинчи “Кумтөр” болот десек болот.

Бүгүнкү күнгө чейин биз туюк өлкөдө жашап келе жатабыз. Темир жолубуз да туюк, авто жолдорубуз да туюк. Анан албетте, товарларды экспорт-импорт кылуунун баарынан көз карандыбыз", – деди ал.

Президент мына ушул жолду салууда Кыргызстан чет өлкөлүк адистердин жардамына муктаж экендигин кошумчалады.

"Себеби өзүбүз салабыз деп олтура берсек, өзүбүздүн адистерди даярдоо үчүн ондогон жылдар кетет. Убакытты күтүп олтурбастан бул жолду баштадык. Күтүп олтура берсек дагы ондогон жылдарга кошуна өлкөлөрдөн артта калабыз.

Ансыз деле өнүккөн өлкөлөрдөн 100 жыл артта калсак, жалаң саясат деп жүрүп кошуна өлкөлөрдөн 10-15 жылга артта калыптырбыз.

Албетте, бул жолдун бүтпөй калышына кызыкдар күчтөр көп. Арасында өзүбүздүн ички терс күчтөр да бар.

Бирок биз мамлекеттин келечеги үчүн кандай гана терс күчтөр болбосун жеңип чыгышыбыз керек. Эгер бул темир жол токтоп калса, биз мурдагыдай эле түбөлүк көз каранды мамлекет бойдон калабыз. Келечегибиз туман болуп калат. Ошондуктан акылы тунук, алысты көрө билген жарандарыбыз чакырык жасагандарды тартипке келтиргиле. Адашып калышпасын. Өлкөнүн өнүгүшүнө пайдасы тийбесе да, зыянын тийгизишпесин", – деди мамлекет башчысы.