Президент:  Кошуна кесиптештеримден кыштын күнү энергия сурагандан уялам
Сүрөт ачык булактардан алынды
21 июль

Президент: Кошуна кесиптештеримден кыштын күнү энергия сурагандан уялам

Президент Садыр Жапаров 21-июлда социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, анда жер маселеси, тышкы карыз, чет өлкөлүк туристтер жана энергетика боюнча бир катар комментарийлерди берди. 

Мамлекет башчысы Кыргызстан Эгемендик алгандан бери “Камбар-Ата - 2” ГЭСинин жападан жалгыз бир агрегатын ишке киргизгендигин эске салды.

"Таңкыстык болгон энергияны өзүбүз суу менен камсыздаган кошуна өлкөлөрдөн алып келе жатыптырбыз. Бүгүн да алып жатабыз. Эмне деген уят иш. Суу башында туруп энергиясы таңкыс өлкөбүз. Себеби бир дагы чоң ГЭС салган эмеспиз. Мен бүгүнкү күнгө чейин кошуна кесиптештеримден кыштын күнү энергия сурагандан уялам. Айла жок кыштын күнү энергия сатып алып жатабыз. Бүгүнкү күндө беш жылдан бери баш-аягы 50гө жакын чакан жана орто ГЭСтерди ишке бердик. Дагы 50дөй ГЭС курулуп жатат. Бирок дагы деле дефицит болуп келген энергияны жаба элекпиз. Себеби күндөн-күнгө, айдан-айга энергия талабы өсүп келе жатат. Завод-фабрикалар, соц обьектилер, үйлөр курулуп жатат.

Кудай буюрса, алдыда дефицитти жабабыз деген планыбыз бар. Ошонун үстүндө иштеп жатабыз", – деди.

Ошондой эле президент энергетика маселеси боюнча бүгүнтөн баштап энергетика министри жалпы коомчулукка күнүгө кенен маалымат берип турарын кошумчалады.