Борбор Азия маалыматтарды иштетүү борборлорунун кубаттуулугу боюнча бай өлкөлөрдөн 15 эсе артта калууда
сүрөт: depositphotos.com
10 октябрь

Борбор Азия маалыматтарды иштетүү борборлорунун кубаттуулугу боюнча бай өлкөлөрдөн 15 эсе артта калууда

Европа жана Борбор Азияда жасалма интеллектти өнүктүрүүдөгү негизги тоскоолдуктардын бири — эсептөө инфраструктурасынын жетишсиздиги. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын докладында айтылат.

Документке ылайык, аймакта маалыматтарды иштетүү борборлорунун кубаттуулугу ар бир миллион адамга орточо 2,1 мегаваттты түзөт. Ал эми аймактан тышкаркы кирешеси жогору өлкөлөрдө бул көрсөткүч 31,6 мегаваттка жетип, болжол менен 15 эсе жогору.

Дүйнөлүк банк жасалма интеллектти кеңири жайылтуу үчүн жетиштүү эсептөө кубаттуулугу, эс тутуму бар жабдуулар, маалыматтарды иштетүү борборлору жана аларга байланышкан инфраструктура зарыл экенин белгилейт.

Ошол эле учурда аймактын бир катар артыкчылыктары бар. Алардын катарында мобилдик байланыштын кеңири жайылышы, электр энергиясынын салыштырмалуу жеткиликтүүлүгү жана техникалык адистердин болушу белгиленген.

Дүйнөлүк банк өлкөлөргө кымбат баалуу, алдыңкы жасалма интеллект моделдерин нөлдөн баштап түзүүгө басым жасабастан, учурдагы технологияларды жергиликтүү шарттарга, тилдерге жана мыйзамдарга ылайыкташтырууну сунуштайт.