Депутат абамайдандагы текшерүү тууралуу: Россиядан келген ишкерлердин акчасын өткөрбөй жатышат
Россияда иштеген кыргызстандык ишкерлер өлкөгө чоң суммадагы акча алып кире албай калышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Уланбек Жаанбаев билдирди.
Айтымында, ага эки ишкер кайрылган. Алар маселелерин чечип берүүнү суранышкан.
“Россияда келе жаткан кыргызстандык ишкерлер абамайдандардан текшерүүгө туш келишет. Бишкектеги, Оштогу абамайдандан УКМКнын өкүлдөрү текшерүүгө алып, чоң суммадагы акчаларды кармап, өткөрбөй жатышыптыр”, – деди ал.
Депутат өлкөгө канча суммадагы болбосун акчаны ээн-эркин алып кирүүгө тоскоолдук болбошу керектигин белгиледи.
