«Токтогул ГЭСнин реабилитациялоо иштеринин 80% аяктады
6 сентябрь

«Токтогул ГЭСнин реабилитациялоо иштеринин 80% аяктады

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, бул аралыкта модернизациялоо долбоорунун маанилүү жумуштарынын 80% пайыздан ашыгы аткарылып бүттү, алсак:

  • 1 - ГА негизги жана көмөкчү жабдууларды демонтаждоо иштери толугу менен аяктады;
  • Гидроагрегаттын генераторунун статору толугу менен чогултулуп, сыноодон ийгиликтүү өттү;
  • Токтогул ГЭСнин 1 - гидроагрегатынын ротору чогултулуп, ийгиликтүү орнотулду;
  • Турбина бөлүгүнүн негизги монтаждоо иштери аяктады.

Бул маанилүү жумуштарды ийгиликтүү аяктоодо биздин коллектив менен долбоорду алып барган көптөгөн адистердин жетишкендиктери, талыкпас эмгеги жана кесипкөйлүгү.

Эске салсак, берилген пландын негизинде 5 - марттан тарта ГЭСте реконструкция жумуштары башталып, №1 гидроагрегатынын суу түтүгүнүн тосмолору жана гидромеханикалык жабдууларын(ГМЖ) калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү башталган.

Гидроагрегаттын учурдагы абалы:

  • 1 - ГА демонтаждоо иштери ушул жылдын май айында толук аяктаган.
  • 1 - ГА гидроагрегатты монтаждоо иштери 81 %га аткарыды.
  •  Негизги жана көмөкчү жабдууларды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Токтогул ГЭСнин 1 - ГА жакынкы арада ийгиликтүү сыноодон өткөрүп ишке киргизип алсак, ГЭСтин иштөө мөөнөтү дагы 25 - 30 жылга узарып, күз - кыш мезгилине калкыбызды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздаганга өбөлгө түзүлүп, ГЭСтин кубаттуулугуна кошумча дагы 60 МВт кошулат.