Такси жана электр транспортун өнүктүрүү боюнча инвестициялык долбоорлор: жаңы транспорттук инфраструктураны түзүү боюнча макулдашууларга кол коюлду
16 июнь

Такси жана электр транспортун өнүктүрүү боюнча инвестициялык долбоорлор: жаңы транспорттук инфраструктураны түзүү боюнча макулдашууларга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондунун ААКсы менен кытайлык Shenzhen Wuyou Technology Co., Ltd. компаниясынын ортосунда алкактык макулдашууларга кол коюу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова жана Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондунун ААКсынын башкы директору Уран Темирбеков катышты.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук такси агрегаторун, заманбап электромобилдер паркын жана заряддоо станцияларынын тармагын түзүүнү караган инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча үч алкактык макулдашууга кол коюлду. Бул долбоорлор электр транспортун өнүктүрүүгө, транспорт тармагын санариптештирүүгө жана инвестицияларды тартууга багытталган.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн министрдин орун басары Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасы менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Ал аталган долбоорлорду ишке ашыруу «жашыл» экономиканы өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

Кытай тарап биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип, узак мөөнөттүү кызматташууга, тажрыйба жана технологиялар менен алмашууга даяр экенин тастыктады. Ошондой эле электр транспорту жана санариптик инфраструктура жаатындагы биргелешкен демилгелердин жогорку потенциалын белгиледи.

Алкактык макулдашууларга кол коюу кыргыз-кытай инвестициялык кызматташтыгын чыңдоонун кезектеги этабы болуп, долбоорлорду мындан ары иштеп чыгууга, инвестициялык келишимдерди даярдоого жана аларды практикалык жактан ишке ашырууга негиз түздү.