«Ичке-Суу-Кокурен» кооперативинде клубникадан 12–14 тонна түшүм алынууда
27 июль

«Ичке-Суу-Кокурен» кооперативинде клубникадан 12–14 тонна түшүм алынууда

«Ичке-Суу-Кокурен» кооперативинин жетекчиси – Ичке-Суу айылынын тургуну Асанбеков Тилек Боронбаевич. Айыл чарба кооперативинде жалпы 8 адам эмгектенет. Ал эми клубника жана малинадан түшүм алуу мезгилинде 80–90 адамды келишимдин негизинде убактылуу жумуш менен камсыз кылат. Кооператив жыл сайын клубникадан болжол менен 12–14 тонна, ал эми малинадан 7–10 тонна түшүм жыйнайт.

Кооператив жалпысынан 41,7 гектар айдоо жерин иштетет, анын ичинен:

▪ Менчик жер аянты – 1,80 га
▪ АЧМФЖ жери – 30,0 га
▪ Ижарадагы жерлер – 8,80 га

Айдоо аянттарынын баары Түп районунун Каркыра айыл аймагындагы Ичке-Суу айылында жайгашкан. 2022-жылдан бери болжол менен 10 гектар айдоо жери тамчылатып сугаруу системасы менен сугарылып келет.

Жер айдоого жана өздөштүрүүгө кооператив өзүнүн айыл чарба техникасын колдонуп келет.

Социалдык салымдар жана колдоо иштери:

  • Айыл жаштарын жана спорт тармагын колдоо максатында кайтарымсыз 1 млн сом бөлүнгөн.
  • 250 миң сомдук азык-түлүк аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таркатылган.
  • Айыл ичиндеги ФАП, мектеп жана мечитке ар тараптуу жардам көрсөтүлүп келет.

Айдалган айыл чарба өсүмдүктөрү:

  • Арпа
  • Эспарцет
  • Клубника
  • Картошка
  • Малина
  • Кокон гиляс
  • Силос