Министрлик Чүй облусунда 20 000 башка чейин бодо мал бордоп семиртүү долбоорун ишке ашырат
9 июль

Министрлик Чүй облусунда 20 000 башка чейин бодо мал бордоп семиртүү долбоорун ишке ашырат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана Бишкек шаарында эттин баасын турукташтыруу максатында Чүй облусунда ири көлөмдөгү бодо мал бордоп семиртүүчү чарбаларды уюштуруу долбоорун ишке ашырууда.

Долбоор министрликтин өз каражаттарынын эсебинен каржыланат. Баштапкы этапта бордого 2 500 баш бодо мал киргизилет. Долбоор этап-этабы менен кеңейтилип, жакынкы эки жылдын ичинде бордоп семиртилүүчү бодо малдын саны 20 000 башка жеткирилет.

Министрлик бул демилге ички рыноктун керектөөсүн камсыз кылуу менен катар, мал чарбачылыгынын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана агроөнөр жай комплексинин туруктуу өнүгүшүнө олуттуу салым кошоруна ишеним билдирет.