Кыргызстандык компаниялар «ИННОПРОМ-2026» көргөзмөсүнүн алкагында кызматташтыгын кеңейтүүдө
Кыргызстан Екатеринбург шаарында өтүп жаткан «ИННОПРОМ-2026» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышууда. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.
Көргөзмөнүн алкагында ата мекендик компаниялар чет өлкөлүк потенциалдуу өнөктөштөр менен активдүү B2B сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жаңы ишкердик байланыштарды түзүү, экспорттук жеткирүүлөрдү кеңейтүү жана узак мөөнөттүү өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча конкреттүү макулдашууларга жетишүүдө.
Көргөзмөгө катышып жаткан IPROFI.PRO компаниясы Борбор Азия жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги (КМШ) өлкөлөрүнүн өнөр жай секторунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Негизги жыйынтыктардын бири катары өндүрүш процесстерин санариптештирүү жаатында Өзбекстан Республикасынын подшипник чыгаруучу заводдорунун бири менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу күтүлүүдө.
«Ак Дил Кейджи» ЖЧКсы электр трициклдерин жеткирүү боюнча бир катар суроо-талаптарды алды. Мындан тышкары, атайын техниканы өндүрүүгө адистешкен компания менен кызматташуу боюнча алдын ала макулдашууларга жетишилди. Ишкананын продукциясы чет өлкөлүк потенциалдуу өнөктөштөрдүн чоң кызыгуусун жаратууда.
«Эко Стоун Групп» ЖЧКсы Россиянын «МПК-7» ЖЧКсы менен продукция жеткирүү боюнча келишим түзүү тууралуу макулдашууга жетишти. Аталган келишимди ишке ашыруу экспорттук кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тараптардын ортосундагы ишкердик байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт.
Кыргызстандык компаниялардын «ИННОПРОМ-2026» көргөзмөсүнө катышуусу ата мекендик өнөр жай продукциясын тышкы рынокторго илгерилетүүгө, жаңы өнөктөштөрдү тартууга жана Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын чыңдоого өбөлгө түзүү менен бирге өлкөнүн эл аралык өнөр жай кооперациясындагы позициясын бекемдөөгө кызмат кылууда.
