КР энергетика министри беш өлкөнүн делегация жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү — маанилүү учурлар 
17 сентябрь

КР энергетика министри беш өлкөнүн делегация жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү — маанилүү учурлар 

Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Түрк мамлекеттер уюмунун 4-жыйынына келген беш өлкөнүн (Азербайджан, Казакстан, Өзбекстан, Турция, Венгрия) делегация жетекчилеринин ар бири менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун негизги максаты энергетика тармагындагы кызматташууну тереңдетүүгө, биргеликте долбоорлорду ишке ашырууга багытталды.


Алгач энергетика министри Таалайбек Ибраев Азербайджан Республикасынын энергетика министри Шахбазов Парвиз Октай оглы менен сүйлөшүүдө Азербайжандын мунай кендерин иштетүү жана мунай продуктуларын өндүрүү тармагында тажрыйбасы жогорулугун баса белгилеп, төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну сунуштады.

1) Кыргыз Республикасына чийки мунай затын жеткирүү жана кайра иштетүү боюнча узак мөөнөттүү келишимге кол коюу.

2) гидроэнергетикалык жана энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорго катышуу;

3) Алгачкы этапта электромобилдерди заряддоочу түзүлүштөрдү сатып алуу жана орнотуу үчүн Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 2 млн доллар өлчөмүндө жеңилдетилген каржылоо маселесин кароо.

Ал эми Азербайджан Республикасынын энергетика министри Шахбазов Парвиз Октай оглы жогорудагы сунуштарды кабыл алып, кызматташууга даяр экенин билдирди. Ал нефти жеткирүү боюнча атайын жумушчу топ менен иш алып барууну сунуштады. Муну менен катар Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча жакында атайын инвестициялык форум өткүлөөрүн эске салып, ага Кыргызстандын активдүү катышуусун сунуштады.


КРнын энергетика министри Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Стараи Петр менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы келечектүү долбоорлор боюнча кызматташууну сунуш кылды.

1) Кыргыз энергетикалык эсептешүү борборунун катышуусу менен тармактык энергетикалык компаниялардын адистеринин ортосунда тажрыйба алмашуу, анын ичинде автоматташтырылган технологиялар жана ар кандай чыңалуу класстарындагы көмөкчордондор менен тааныштыруу;

2) ишке ашырылып жаткан гидроэнергетикалык долбоорлор үчүн европалык жабдууларды жана технологияларды жеткирүү;

3)гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү келечектүү энергетикалык долбоорлорго венгриялык инвесторлорду, дизайнерлерди, консультанттарды, жеткирүүчүлөрдү тартуу.

Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Стараи Петр Венгрияда энергетикага байланыштуу технология мыкты өнүккөнүн баса белгилеп, бул багытта кызматташууга даяр экенин билдирди. Мындан тышкары ал Кыргызстанда Чакан ГЭСтер курулуп жаткандандыгы тууралуу кабардар экенин жана Венгриялык инвесторлор Кыргызстанда ГЭС курууга кызыктар экенин айтып өттү.


Туркия Республикасынын энергетика жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары Чонкар Ахмет Берат менен болгон эки тараптуу жолугушууда Түркиянын гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө тажрыйбасын жана жогорку жетишкендиктерин эске алуу менен бул багытта кызматташуну улантуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү. Анда министр Т.Ибраев Кыргызстанда түрк компаниялары менен энергетика тармагында төрт долбоор ишке ашып жатканын баса белгиледи.

Мындан тышкары, министр Т.Ибраев Кыргыз Республикасынын энергетикалык мүмкүнчүлүктөрү кеңири экенине токтолуп, келечектүү гидроэнергетикалык жана ЭКБ чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырууга катышууну сунуштады. Түрк инвесторлорунан, подрядчиктерден, жабдууларды жана технологияларды жеткирүүчүлөрдөн турган делегацияларды кабыл алууга даяр экендигин билдирип, алар биздин өлкөнүн энергетикасын өнүктүрүүгө жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого өбөлгө түзөөрүн баса белгиледи.


Эки тараптуу жолугушуунун алкагында Казакстан Республикасынын энергетика министринин биринчи орун басары Сугнат Есимханов менен Кыргызстандын энергетика министри Т.Ибраев “Камбар-Ата -1” ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу, Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо, Чакан ГЭС куруу, Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү тууралуу талкуу жүргүзүштү. Тараптар эки өлкөнүн достугун жана буга чейинки кызматташууну эске алуу менен мындан ары дагы энергетикалык кызматташууну үзгүлтүккө учуратпай, биргеликте долбоорлорду ишке ашырууда ийгилик жаралат деген пикирин айтып өтүштү.

Казакстан Республикасынын энергетика министринин биринчи орун басары Сугнат Есимханов электр энергиясын жеткирүү боюнча маселе жоктугун, графиктин алкагында аткарылып жатканын билдирди.


Өзбекстандын энергетика министринин орун басары Бахтиёр Маматкаримов менен КРнын энергетика министри Т.Ибраевдин жолугусуунуда мамлекеттер ортосундагы буга чейинки жана учурдагы энергетика тармагындагы тыгыз кызматташтык тууралуу маселелер талкууланды. Анда тараптар ортосунда электр энергиясын өткөрүп берүү, “Камбар-Ата-1” ГЭС долбоорлорун биргеликте ишке ашыруу, Чаткал дарыясына ГЭС куруу, Кыргызстан-Өзбекстан, КПП Кызыл-Кыядан көмүр экспортун Өзбекстанга көлөмдүү жана сапаттуу жүргүзүү үчүн, көмүр логистикалык борбору ленталык конвейири менен курулуучу долбоорду курууну тездетүү маселеси каралды.

Мындан тышкар министр Т.Ибраев Өзбекстан учурда ири долбоорлорго активдүү катышып жатканын баса белгилеп, мындан ары дагы бул долбоорлор токтобой ишке ашырылышы керектигин айтып өттү.

Өзбекстандын энергетика министринин орун басары Маматкаримов Бахтиёр Рустамович кошуна мамлкеттердин оросундагы энергетика тармагында кызматташуу мындан ары дагы тереңдээрин билдирип, коюлган пландар ишке ашаарын убадалады.

Министри Т.Ибраев эки тараптуу жолугушууда ар бир мамлекеттин делегация жетекчилигине Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Энергетика министрлеринин 4-жыйынына активдүү катышткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.