Кыргызстандын 59 ишканасы ЕАЭБдин реестрине катталды — тизме
17 сентябрь

Кыргызстандын 59 ишканасы ЕАЭБдин реестрине катталды — тизме

Үстүбүздөгү жылдын сентябрына карата Кыргызстандын 59 ишканасы Евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү реестрине киргизилип, жалпы 413 ишкана катталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • сүт азыктарын өндүрүү – 44;
  • бал өндүрүү жана сатуу – 68;
  • балык өстүрүү, кайра иштетүү – 44;
  • эт азыктарын өндүрүү – 21;
  • улуттук сүт азыктарын өндүрүү – 3;
  • мал союучу ишканалар – 11;
  • тирүү малды өстүрүү, көбөйтүү жана сатуу – 35;
  • канаттууларды кайра иштетүүчү ишканалар – 10;
  • жаныбарлар үчүн тоют өндүрүү – 23;
  • жаныбарлардан алынган азыктарды сактоо жана сатуу – 139;
  • жаныбарлардан алынган сырьелорду кайра иштетүү (ичеги, жүн, тери) – 14;
  • ветеринардык препараттарды сактоо жана сатуу –1.

Мындан тышкары, Кытайдын реестрине – 24 ишкана (13 сүт азыктары, 11 аарычылык), Өзбекстандын реестрине – 43 ишкана (17 сүт азыктары, 8 эт азыктары, 10 аарычылык, 7 балык азыктары), Түркиянын реестрине – 12 ишкана кирген.