17 миң фермер колдоо алат: Япония Кыргызстандагы жаңы долбоорлорду каржылоодо
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) менен өнөктөштүктө кол коюу аземин өткөрүп, жаңы долбоордун башталышын белгилешти.
Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү долбоору Жапония өкмөтүнүн каржылоосу менен ишке ашырылууда.
Кол коюу аземи Кыргыз улуттук агрардык университетинде Улуттук агродиалог учурунда болуп өттү. Салтанатка Министрдин орун басары Мирбек Дуйшеев мырза, Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Улуу урматтуу Хирано Рюити мырза жана БУУ ДАТПнын Кыргыз Республикасындагы Өкүлү жана директору Кожиро Накай мырза катышты.
Айыл чарбасы өлкөдөгү айылдык жамааттар үчүн негизги каражат булагы бойдон калууда. Бирок, бул сектор барган сайын климаттын өзгөрүшүнөн, суу тартыштыгынан, ошондой эле заманбап айыл чарба ыкмаларынын жетишсиздигинен жабыр тартып жатат.
"Бул демилге биздин айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана айыл чарба кооперативдерин чыңдоо боюнча улуттук өнүгүү багыттырын толуктайт. Натыйжада фермерлердин туруктуулугу жогорулайт", - деди Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев.
"Бул өнөктөштүк чакан фермерлерди колдоо жана өлкө боюнча элет өндүрүүчүлөрдү бириктирүү боюнча биргелешкен аракеттердин зарылдыгын көрсөтүүдө".
Жапония өкмөтүнүн 4,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каржылоосу менен Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы 17 000 чакан фермерге колдоо көрсөтүлмөкчү.
Долбоор климаттын өзгөрүшүнө эң аялуу аймактарда азык-түлүк коопсуздугун, тамактанууну жана жашоо каражаттарын жакшыртууга багытталат. Чакан фермерлердин, өзгөчө аялдардын мүмкүнчүлүктөрү өз ара жардам берүү топтору/айыл чарба кооперативдери аркылуу кеңейтилип, бул демилге өндүрүмдүүлүктү жана кирешени жогорулатат. Ошондой эле суу жана жерди туруктуу башкаруусу жакшырып, тоолуу жамааттарда рыноктук байланыштар бекемделмекчи.
"Жапония Кыргыз Республикасындагы айыл аймактарын туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн демилгени маанилүү деп эсептейт", - деди Улуу урматтуу Хирано Рюити Мырза, Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.
Долбоор Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин(JICA) техникалык колдоосу менен ишке ашырылып, кластерлердин негизинде мөмө-жемиштердин жана жашылчалардын кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү боюнча Министрликтин башкы планына өз салымын кошмокчу.
Бул демилге дыйкандарды:
- жогорку сапаттагы көчөттөр;
- тамчылатып сугаруу системасы менен жабдылган климаттык шарттарга туруктуу күнөскана инфраструктурасы;
- суу резервуарлары;
- органикалык компостторду өндүрүүчү жайлары;
- түшүм жыйноодон кийинки жоготууларды азайтуу үчүн чакан сактоочу жайлары менен камсыз кылат.
Ошондой эле фермерлерге төмөнкү окуттулар өткөрүлөт:
- айыл чарбасын жүргүзүүдө климаттык шарттарды эске алуу;
- түшүм жыйноодон кийинки башкаруу;
- кооперативдерди жана финансыларды башкаруу.
