
КР Соода-өнөр жай палатасы Пакистанда ШКУнун Ишкерлер кеңешинин жыйынына катышты
Соода-өнөр жай палатасы Пакистанда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Ишкерлер кеңешинин жыйынында ардактуу спикер болду. Быйыл Пакистан ШКУга төрагалык кылууда, ал эми Исламабад кызматташуунун негизги маселелерин талкуулоо аянтчасына айланды.
Жыйынга катышуучу өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле алдыңкы ишкерлер жана бизнес чөйрөлөр катышты. Жолугушууда экономикалык байланыштарды чыңдоо, соода, инвестиция жана технология тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери, ошондой эле аймакта биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды.
ШКУнун Ишкерлер кеңеши уюмга мүчө-өлкөлөрдүн активдүү өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүүдө маанилүү ролду ойнойт, экономикалык интеграцияны бекемдөөгө жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшөт.
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңеши октябрда өтөт.