МСК эскертет: товарларды ташып кирүүдөгү мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик чаралары күчөтүлдү
Мамлекеттик салык кызматы Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып кирүү аракеттери үчүн жоопкерчилик чараларынын күчөтүлгөндүгүн маалымдайт.
Тиешелүү өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине киргизилди жана 2025-жылдын 31-декабрындагы «Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кабыл алынды.
Тактап айтканда, аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 311-беренеси боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз өткөрүү аракеттери үчүн жоопкерчилик чаралары күчөтүлдү.
Айып пулдун өлчөмү жеке жактар үчүн — 10 000 сомдон 20 000 сомго, юридикалык жактар үчүн — 28 000 сомдон 65 000 сомго чейин көбөйтүлдү.
Бул укук бузууларды жыл ичинде кайталагандар үчүн айып пулдардын өлчөмү жеке жактар үчүн 20 000 сомдон 40 000 сомго чейин, юридикалык жактар үчүн 65 000 сомдон 100 000 сомго чейин жогорулады. Ошондой эле товарларды конфискациялоо каралган.
Белгилей кетсек, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Ак-Жол» товарларды эсепке алуу пункту аркылуу контролдук жол-жоболордон өтүүдөн качуу максатында жеңил транспорт каражаттары менен тиешелүү коштомо документтери жок товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү учурлары көбөйгөн.
Аталган тилкеде косметикалык продукциялар, биологиялык активдүү кошулмалар, дары-дармек каражаттар, тамеки буюмдар, уюлдук телефондор, вейптер жана электрондук тамекилер сыяктуу эсепке алынбаган товарларды алып кирүү аракеттери катталууда.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө байланыштуу, Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат. Бул колдонуудагы мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке тартылуудан, айып пул санкцияларынын салынуусунан жана башка таасир этүү чараларын алдын алууга мүмкүндүк берет.
