Садыр Жапаров Астанада Германиянын бизнес-делегация өкүлдөрү менен жолугушту
17 сентябрь

Садыр Жапаров Астанада Германиянын бизнес-делегация өкүлдөрү менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Казакстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Астана шаарында Германиянын бизнес-делегация өкүлдөрү менен иштиктүү жолугушуу өткөрдү.

Германиялык бизнестин өкүлдөрү менен учурашып жатып, Мамлекет башчысы бул жолугушуу эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жардам берерине ишенимин билдирди.

Президент Кыргызстан туруктуу өнүгүү багытында жигердүү жылып жатканын, өлкөнүн улуттук экономикасы экономикалык өсүштүн оң динамикасын көрсөтүүнү улантып жатканын айтып өттү. Ал белгилегендей, инвесторлорду коргоо үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп, инвесторлордун ишенимин жогорулатууга, жагымдуу инвестициялык климатты жана ишкер чөйрөнү түзүүгө, анын ичинде менчикти коргоого багытталган ченемдик актылардын комплекси кабыл алынган.

Садыр Жапаров жолугушуунун катышуучуларынын көңүлүн ишкердик субъекттери үчүн салык жүгүн азайтуу жолу менен салык мыйзамдары өркүндөтүлүп, улуттук же инвестициялык мааниси бар уюмдарга ар кандай жеңилдиктер берилип жаткандыгына бурду.

Президент бизнес секторун мамлекет тарабынан колдоого алынган чаралардын натыйжасында Кыргызстанга түз чет элдик инвестициялардын келиши көбөйүп жатканын канааттануу менен белгилеп, быйыл Германия чет элдик инвестициялардын келиши боюнча беш өлкөнүн катарына кирерин айта кетти.

Садыр Жапаров бизнес-делегация мүчөлөрүнүн көңүлүн кыргыз тарап менен гидроэлектрстанцияларды куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, ошондой эле логистика тармагында кызматташуунун потенциалына бурду жана Германиянын логистикалык компанияларына Кыргызстандагы стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга катышууну сунуштады.

Мамлекет башчысы климаттык чакырыктарга байланыштуу заманбап суу сактагычтарды куруу, ирригациялык системаларды модернизациялоо жана механикалаштырылган жана тамчылатып сугаруу технологияларын киргизүү боюнча долбоорлор стратегиялык кызыкчылыкты жаратарын белгиледи.

Өз кезегинде германиялык делегация эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде энергетика, гидроэнергетика, логистика, өнөр жай, Германияда Кыргызстандын жаштарына кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө германиялык бизнестин кызыгуусу артып жатканын билдирди.

Жолугушуунун аягында Президент Садыр Жапаров Кыргызстан германиялык бизнес менен активдүү диалогго ачык экенин баса белгилеп, өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртууга даяр экенин айтты.