Министрлик: Өлкөдө эттин баасынын өсүшү боюнча кооптонууга негиз жок
Республика боюнча эт азыктарынын орточо баасы базарларда уй эти – 524 сом, кой эти – 560 сом, жылкы эти – 511 сом, тоок эти 300 – сомду түзүүдө.
Эскерте кетсек азырынча малдын тоютуна, этти өндүрүүгө же ташууга кеткен чыгымдарга баанын олуттуу жогорулашын далилдей турган олуттуу өсүш жок. Туруктуу рыноктук кырдаалда жана жеткирүүнүн нормалдуу шарттарында баалардын кескин жогорулашы негизсиз көрүнөт. Министрлик элдин тынчсыздануусун түшүнөт жана бул кырдаалга байланыштуу айрым жагдайларды тактоону сунуштайт.
2024-жылдын 1-августуна карата эт өндүрүү 132,9 миң тоннаны түзөт, бул 2023-жылга караганда 3,3 миң тоннага көп. Өздүк өндүрүштү эске алуу менен 2024-жылдын январь – июнь айларынын абалына камсыздуулук-79,4 % түзөт, бул 2023-жылга караганда 1,4 % га көп, экспорт-импортту эске алуу менен 101,7%, бул 2023-жылга караганда 7,7 % га көп, тактап айтканда өлкөгө 19,25 % сырттан тоок эттери жана колбаса азыктары кирээри маалым. Бул баанын олуттуу өсүшү жок экендигин жана кооптонууга негиз жок экендигин көрсөтүп турат.