Жүз долбоордун алкагында эң көп долбоор Чүй жана Ош облустарында ишке ашууда
Бүгүнкү күндө 96 долбоордун ичинен 20сы 1,072 млрд сом суммасында каржылоо алган. Долбоор айыл чарбанын төмөнкү багыттарын камтыйт: Соода-логистикалык борборлор, жүндү кайра иштетүү, сүт багыты, канаттуулар чарбасы, илимий-агартуу долбоорлору, балык чарба, мал чарба, айыл чарба өсүмдүктөрү.
Алардын ичинен:
- Чүй облусунда: 7 долбоор (Сокулук, Москва, Ысык-Ата, Аламүдүн райондору);
- Ош облусунда: 4 долбоор (Ош шаары, Ноокат, Кара-Кулжа, Кара-Суу райондору);
- Ысык-Көл облусунда: 4 долбоор (Ысык-Көл, Тоң, Ак-Суу райондору);
- Жалал-Абад облусунда: 2 долбоор (Чаткал, Ала-Бука райондору);
- Талас облусунда: 1 долбоор (Чыңгыз Айтматов району);
- республика боюнча айыл чарбасын өнүктүрүү программасы: 2 долбоор.
Каржылоо агроөнөр жай комплексин кредиттөө программасынын (КАПК) алкагында Айыл жана Элдик мамлекеттик банктары аркылуу, ошондой эле эки тараптуу өнүктүрүү фонддору (ОКӨФ ж.б) жана эл аралык уюмдар аркылуу берилген.