Темир Сариев менен Бразилиянын Кыргызстандагы элчисинин жолугушуусу
Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Бразилиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Фортуна Биато Марсель менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Туризмди өнүктүрүүгө, тоо-кен жана айыл чарба тармагындагы кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана экономиканын негизги тармактарына инвестиция тартууга кызыкдар экенин билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Бразилиянын бизнес коомчулугунун өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоо боюнча кадамдар белгиленди.
