Салык кызматы: ККМди колдонууда өзгөртүүлөр киргизилди
5 сентябрь

Салык кызматы: ККМди колдонууда өзгөртүүлөр киргизилди

Жаңы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жеңил транспортто (таксиде) жүргүнчүлөрдү ташуу жана товарларды жеткирүү кызматтарын (курьердик кызматтар) көрсөткөн салык төлөөчүлөр 2025-жылдын 1-январына чейин ККМди милдеттүү пайдалануудан бошотулат.

Мындан сырткары, интернет аркылуу товарларды саткан же кызмат көрсөткөн ишкерлер 2024-жылдын 1-ноябрына чейин ККМди колдонбосо болот.

Ошондой эле контролдук-кассалык машиналарга аванстар жана кредиттер боюнча эсептөө функцияларын киргизүү мөөнөтү 2025-жылдын 1-январына чейин узартылды.

Белгилей кетсек, мурда ККМди пайдалануудан бошотулган, окуу жайлардын ашканаларында жана буфеттеринде коомдук тамактануу кызматтарын көрсөткөн, ошондой эле өз алдынча жасалган кол өнөрчүлүк өндүрүшүнүн (элдик көркөм кол өнөрчүлүк өндүрүшү) продукциясын сатуу менен алектенген субъекттер ККМди ушул токтом кирген учурдан баштап – 2024-жылдын 14-сентябрынан тартып колдонууга милдеттүү.