Быйыл Ысык-Көлгө 724 миңден ашуун турист келди
Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29 миңге көп. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Уланбек Далиев туристтик мезгилдин жыйынтыгы чыгарылган жыйында билдирген.
Облус башчысы быйылкы жылдын отчеттук мезгилинде туристтердин санынын көбөйгөнү байкалгандыгын айтты.
"Бул биздин аймакка кызыгуунун артканынан кабар берет. Бул өз кезегинде бизден келген конокторго шарттарын жакшыртуу жана туризм инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы күч-аракеттерди жумшоону талап кылат", — деди Уланбек Далиев.
Ошондой эле облус жетекчиси жыйындын катышуучуларына келечекте инфраструктураны жана туристтерди тейлөөнүн сапатын жакшыртуу боюнча бир катар милдеттерди койду.
Белгилей кетсек, жыйынга министрликтердин жана ведомстволордун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун" өкүлдөрү, Каракол, Балыкчы шаарларынын райондук администрацияларынын, мэрияларынын жетекчилери, пансионаттардын, конок үйлөрдүн ээлери жана директорлору, ошондой эле саламаттыкты сактоо мекемелеринин өкүлдөрү катышты.