Араванда 1 млрд сомдук газоблок заводу курулууда: 70 жаңы жумуш орду түзүлөт
Араван районунда газоблок заводу курулууда. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Курулуш иштеринин жүрүшүнөн бүгүн, 12-августта облус башчысы Аманкан Кенжебаев таанышып чыкты.
«Араван Газоблок» ЖЧК заводунун долбоору жалпысынан 4,82 гектар аянтты камтып, 1 миллиард сомдук сметалык баага ээ. Завод жылына 300 миң куб метр газоблок өндүрүү кубаттуулугуна ээ болот.
Долбоордун өзгөчөлүктөрүнүн бири – газоблок өндүрүү үчүн керектүү чийки заттын 90% Кыргызстандын түштүк аймактарындагы жергиликтүү кендерден алынышы, бул импортту азайтууга жана ата мекендик ресурстарды пайдаланууга багытталган. Учурда заводдо 70 туруктуу жумуш оруну түзүлөт, ал эми курулуш иштерине 100 адам тартылган.
Долбоорду толук пайдаланууга берүү 2026-жылдын аягына пландалууда. Аткаруу бийлигинин аймактагы өкүлү белгилегендей, аталган заводдон жылына болжол менен 200 миллион сом көлөмүндөгү салыктык, социалдык жана башка милдеттүү төлөмдөр республикалык жана жергиликтүү бюджетке келип түшөт, бул Араван районунун жана жалпы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошот.
Андан соң, ыйгарым укуктуу өкүл Араван цемент заводунун ишмердүүлүгү менен да таанышып, анын өндүрүштүк кубаттуулугу жана аймактын экономикасына тийгизген таасири тууралуу маалымат алды.
Бул иш сапары облус жетекчилигинин аймактын өнөр жай потенциалын арттырууга, жаңы инвестицияларды тартууга жана жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылууга багытталган жигердүү иштеринин бир бөлүгү болуп саналат.
