Кыргызстан менен Япония соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо маселесин талкуулашты
12 декабрь

Кыргызстан менен Япония соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо маселесин талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министр Бакыт Сыдыковдун Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Хирано Рюичи мырза менен жолугушуусу болду. 

Министр Бакыт Сыдыков Хирано Рюичи мырзаны куттуктап, элчилик кызматка дайындалышы менен куттуктады жана Япония Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин, аны менен достук жана ишенимдүү мамилелер түзүлгөнүн баса белгиледи. 

Тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулап, инвесторлордун жана ишкер чөйрөлөрдүн иши үчүн шарттарды түзө турган чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн, анын ичинде экономикалык кызматташтыктын келишимдик-укуктук базасын өнүктүрүү жана эки тараптуу кызматташтык механизмин түзүү маселесин белгилешти. 

Ошондой эле Экономика жана коммерция министрлиги JICAнын колдоосу менен ишке ашырып жаткан "Бир айыл – бир продукт" долбоорун жана анын андан аркы өнүгүү жана ишке ашыруу багыттарын талкуулашты.