Кыргызстандын банктарындагы депозиттердин көлөмү 925 млрд сомго жакындады
Сүрөт ачык булактардан алынды
12 август

Кыргызстандын банктарындагы депозиттердин көлөмү 925 млрд сомго жакындады

Кыргызстандын банктарындагы кардарлардын депозиттеринин жалпы көлөмү 30-июнга карата 924,7 млрд сомду түздү.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери депозиттердин көлөмү 6,8%га көбөйгөн. 2025-жылдын соңунда банктардагы кардарлардын каражаттары 866,2 млрд сом болгон.

Ошол эле учурда депозиттердин долларлашуу деңгээли төмөндөгөн. Чет өлкө валютасындагы депозиттердин үлүшү жыл башындагы 34,7%дан июнь айынын аягында 29%га чейин азайып, 5,7 пайыздык пунктка төмөндөгөн.

Кредит портфелинин долларлашуу деңгээли да 0,5 пайыздык пунктка азайып, 17,8%ды түздү.

Натыйжада Кыргызстандагы банктык депозиттердин жана кредиттердин басымдуу бөлүгү улуттук валютада сакталууда жана берилүүдө.

Депозиттердин ички дүң продукцияга (ИДП) карата катышы 42,5%ды түздү. 2025-жылдын аягында бул көрсөткүч 43,8% болгон.