Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 12,2%га өстү
www
15 июнь

Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 12,2%га өстү

Алдын ала баалоолор боюнча, Кыргызстанда 2026-жылдын январь-май айларында ички дүң продукт (ИДП) 781,1 миллиард сомду түзүп, 2025-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 12,2 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди. 

Анын айтымына караганда, 2026-жылдын январь-май айларында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 374,7 млрд сомду түздү. Ошол эле учурда, физикалык көлөмдүн индекси 2025-жылдын январь-май айларына карата 114,4 пайызды түздү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн 2025-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу өсүшү негизги металлдардын (12,4 пайызга); тамак-аш азыктарынын (суусундуктарды жана тамеки буюмдарын кошо алганда) (15,7 пайызга); тазаланган мунайзаттардын (43,7 пайызга);

курулуш материалдары (36,1 пайызга); транспорт каражаттарынын (1,6 эсеге); жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердүүлүктүн продукцияларынын (1,7 эсеге); фармацевтикалык продукциялардын (1,8 эсеге); химиялык продукциялардын (3,0 эсеге) өндүрүш көлөмүнүн жогорулашы менен камсыз болду.

Курулуш тармагында да оң тенденциялар байкалып, көлөмдүн өсүшү 1,6 эсеге, дүң жана чекене соодада 10,4 пайызга, ал эми айыл чарбасында 3,7 пайызга көбөйгөн.