Жыл башынан бери 17 миң тоннага жакын картошка экспорттолду
24 апрель

Жыл башынан бери 17 миң тоннага жакын картошка экспорттолду

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин курамындагы Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти 2025-жылдын 1-январынан 23-апрелине чейинки мезгил аралыгында төмөнкү иштерди жүргүздү:

Экспортко багытталган картошкага фитосанитардык сертификаттоо иш-чаралары жүргүзүлдү – жалпы көлөмү 17 017,5 тонна, анын ичинен:

  • азык-түлүк картошкасы – 16 894,5 тонна,
  • үрөн картошкасы – 123 тонна.

Картошка төмөнкү өлкөлөргө экспорттолду: Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Азербайжан, Беларусь Республикасы.

Импорттолгон картошкага карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү – жалпы көлөмү 11 752,8 тонна, анын ичинен:

  • азык-түлүк картошкасы – 10 019,7 тонна,
  • үрөн картошкасы – 1 733,1 тонна.

Картошка төмөнкү өлкөлөрдөн алынып келинди: Кытай Эл Республикасы, Монголия, Пакистан, Нидерланды, Германия.