Энергетика министрлиги: Кыргызстандагы майнинг-фермалар импорттолгон электр энергиясын гана колдонушат
Кыргызстандагы майнинг-фермалар импорттолгон электр энергиясын гана колдонушат. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков 24.kg басылмасына билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкөдө мыйзамдуу негизде иштеген эки гана майнинг-ферма бар. Алар Кеминде жана Камбар-Ата ГЭС-2де жайгашкан.
«Бул майнинг-фермалар импорттолгон электр энергиясын, анын ичинде Россиядан келген электр кубатын гана пайдаланышат. Алар ата мекендик электр энергиясын колдонушпайт», – деди министр.
Буга чейин Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдиргендей, 2024-жылы Кыргызстандагы майнинг-фермалар 218,6 млн кВт·саат электр энергиясын керектесе, 2025-жылы бул көрсөткүч 213,3 млн кВт·саатты түзгөн.
2025-жылдын экинчи жарымында майнинг-фермалардын айлык электр энергиясын керектөөсү 20 млн кВт·сааттан ашкан. Бирок ноябрь айында бул көрсөткүч 5,7 млн кВт·саатка чейин төмөндөп, декабрь айында нөлгө түшкөн. Мунун негизги себеби катары кыш мезгилинде майнинг-фермалардын ишин убактылуу токтотушу көрсөтүлгөн.
Кызматтын маалыматына ылайык, 2025-жылы майнингдин Кыргызстандын жалпы электр энергиясын керектөөсүндөгү үлүшү болжол менен 1,1% түзгөн.
