Кыргызстанда ЭТТН киргизүү жаңылыштык болгонун Шыкмаматов мойнуна алды
Сүрөт ачык булактардан алынды
24 ноябрь

Кыргызстанда ЭТТН киргизүү жаңылыштык болгонун Шыкмаматов мойнуна алды

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТН) киргизүү жаңылыштык болгонун билдирди. Бул система ишкерлердин нааразычылыгын жараткан.

Бул тууралуу ал 24-ноябрда Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратында өткөн жыйында айтты.

Шыкмаматовдун айтымында, ЭТТН системасы ишкерлердин күнүмдүк ишин кыйла татаалдаштырган. Алар күндүз соода кылып, кечинде электрондук документтерди толтурууга убакыт коротууга аргасыз болушкан.

Мындан улам ишкерлер иш жүзүндө күн сайын өз ишмердүүлүгү боюнча отчет берип турушкан.

Ал ошондой эле системаны киргизгенден кийин ишкерлер арасында нааразычылык күчөгөнүн белгиледи. Атүгүл Салык кызматынын кызматкерлери базарларга кызматтык форма менен эркин баруудан кооптонуп калышкан.

Мекеме башчысы мамлекеттин көзөмөлү мыйзамды так сактаган ишкерлерге кошумча түйшүк жаратпашы керектигин белгиледи.

Анын айтымында, мындан ары Салык кызматы ЭТТНдин ордуна заманбап санариптик инструменттерди колдонууга басым жасайт. Атап айтканда, жасалма интеллектти пайдалануу, ишкерлердин санариптик изин көзөмөлдөө, маалыматтарды талдоо жана салыктык башкаруу ыкмаларын өркүндөтүү пландалууда.

Шыкмаматов бул ыкмалар ишкерлерден кошумча документтерди дайыма толтурууну талап кылбастан, экономикалык ишмердүүлүктү көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берерин айтты.