Кыргызстан алдыдагы кыш мезгилине 3,4 тонна көмүр жана 45,5 тонна мазут даярдайт
8 июль

Кыргызстан алдыдагы кыш мезгилине 3,4 тонна көмүр жана 45,5 тонна мазут даярдайт

Кыргызстанда 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине көмүр жана отундук мазуттун керектүү запасы даярдалат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, республика боюнча 3 млн 408,6 миң тонна көмүр даярдоо каралган.

Анын ичинен:

319,4 миң тоннасы бюджеттик мекемелерге;
1 млн 483,6 миң тоннасы калкка;
1 млн 520 миң тоннасы Бишкек ЖЭБине багытталат.

Бишкек жылуулук электр борбору үчүн импорттук жана ата мекендик жогорку калориялуу көмүрдү пайдалануу пландалууда. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, бул жылытуу мезгилинде ЖЭБдин туруктуу жана ишенимдүү иштешин камсыздоого мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, өлкө боюнча 45,5 миң тонна отундук мазут даярдоо мерчемделген. Анын негизги бөлүгү Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук менен камсыздоо объектилерине, ошондой эле муниципалдык жылуулук менен камсыздоочу ишканаларга жөнөтүлөт.