Нарында кластердик экономика жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери талкууланды
24 апрель

Нарында кластердик экономика жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери талкууланды

Нарын шаарында кластердик экономиканы өнүктүрүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү колдонуу боюнча мини-тренинг болуп өттү.

Иш-чараны КРнын Соода-өнөр жай палатасы Ханнс Зайдель фондунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурду.

Нарын шаарында өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү тармагында кластерлерди түзүү зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле ишкерлер үчүн колдоо чаралары, финансылык мүмкүнчүлүктөр, билим берүү, салык жана бухгалтердик эсеп боюнча маалыматтар каралды.

Жеңилдетилген насыялардын жетишсиздиги, күрөө маселелери, мурун алынган насыялардын рефинансировкасынын жоктугу жана кредиттик тарыхтагы төлөмдөрдүн кечиктирилиши ишкерлер үчүн негизги тоскоолдуктар экени айтылды.

Жыйынтыгында палатанын өкүлчүлүгү салык мыйзамдары жана насыя маселелери боюнча тиешелүү органдар менен жолугушууларды уюштурууну өз мойнуна алды.

Катышуучулар Нарын агрардык-экономикалык-техникалык колледжинин эт кайра иштетүү цехи жана ветеринардык лабораториясынын иши менен таанышты.