Ысык-Атадагы “крепость” фермагында асыл тукум мал чарбасы заманбап технологиялар менен багылып жатат
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан “Крепость” фермердик асыл тукум фермасына барып, анын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты.
Иш сапарынын жүрүшүндө министр ферманын өндүрүштүк базасын, мал багуу шарттарын жана селекциялык иштердин жүрүшүн көрүп чыкты. Ошондой эле ал саан процессине күбө болуп, сүттү саап алуу, сактоо жана анын сапатын көзөмөлдөө кандай жүргүзүлөрү менен таанышты.
Фермада сүт өндүрүү жана сактоо процесстери толугу менен заманбап технологиялардын негизинде жүргүзүлөт. Сүттүн сапаты атайын компьютердик система аркылуу текшерилип, анын курамы жана көрсөткүчтөрү так аныкталат. Адистердин айтымында, чарбада өндүрүлгөн сүттүн майлуулугу 4,6 пайызды түзүп, бул жогорку жана максималдуу стандарттык көрсөткүчтөрдүн бири болуп эсептелет.
Ферманын өкүлдөрү чарбада бардык ветеринардык-санитардык талаптар катуу сакталарына, мал толук көзөмөлдөн өтүп, ылаң жок экенине өзгөчө көңүл буруларын белгилешти. Ошондуктан өндүрүлгөн продукциянын сапатына кепилдик берилип, керектөөчүлөр аны ишеним менен сатып алса болору айтылды.
Учурда “Крепость” фермердик асыл тукум фермасында Голштино-фриз жана Абердин-ангус породасындагы 114 баш асыл тукум уй багылып, көбөйтүлүүдө. Мындан тышкары чарбада Арашан породасындагы койлор өстүрүлүп, жылкы чарбасы да өнүгүп жатат.
Белгилей кетсек, “Крепость” фермердик асыл тукум фермасы аймактагы мал чарбасын өнүктүрүүгө салым кошуп, жогорку сапаттагы асыл тукум малдарды өстүргөн алдыңкы чарбалардын катарына кирет.
